Кыргызстанда жаңы шаар пайда болду
RU

Кыргызстанда жаңы шаар пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун Базар-Коргон шаары кылып түзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдо берилген маалыматка боюнча, бул мыйзам 2021-жылдын 20-январында кабыл алынган.

"Бул мыйзам менен Базар-Коргон айыл аймагындагы Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда", - деп билдирүүдө жазылган.

Мыйзам, расмий жайрыланган күнүнөн тартып, 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/610