Конституциянын долбоору кайда? Депутаттар дагы деле документти колго ала элек
RU

Конституциянын долбоору кайда? Депутаттар дагы деле документти колго ала элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциянын долбоорун көрө элек. Бул тууралуу өзүнүн telegram-каналына Дастан Бекешев жазып чыкты.

Ал берген маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин өзүндө долбоор жок. Анын божомолунда, Конституция дагы деле президенттин аппаратында, дагы деле редакцияланып жатат.

"Жаңы Конституциянын долбоору менен кызыктай кырдаалга туш болдук. Азыркыга чейин текст таратыла элек, Жогорку Кеңештин жалпы бөлүмүндө жок, лингвистикалык бөлүмдө да жок экен, бирок ошолордо деп айтышкан. Менимче, долбоор дагы деле президенттин аппаратында редакцияланып жатат, бүткөндөн кийин депутаттарга берилсе керек. Дароо профилдик комитетке жөнөтүп, тездик менен өткөргөнгө аракет кылышат", - деп Бекешев жазды.

Жогорку Кеңештин пресс-кызматы долбоор лингвистикалык экспертизада, бирок Жогорку Кеңештин бөлүмүндө эмес, деп Kaktus.media'га жооп беришти.

"Президенттин буйругу менен Конституциянын долбоорун экспертизадан өткөрүү үчүн өзүнчө лингвистикалык топ түзүлгөн. Документ учурда ошол жерде. Алар өз жумушун бүтөөрү менен, бизге өткөрүшөт, биз аны таанышып чыгуу үчүн сайтка жарыялайбыз. Болжол менен 1-2 күндө даяр болуп калат", - деп пресс-кызмат маалымдады.

Белгилей кетсек, буга чейин, жыйын учурунда Талант Мамытов Конституциянын долбоору парламентке келип түштү, жакын арада депутаттарга таратылат, деп билдирген.

Эске салсак, Акылбек Жапаровдун айтымында, депутаттар Конституциянын долбоорун коомдук талкууларсыз кабыл алышат. Анткени, коомдук талкуу конституциялык кеңештин алкагында өткөрүлүптүр. Долбоордун өзүн эч жерден көрүүгө болбойт, кыргызстандыктар аны менен референдумдун алдында гана тааныша алышат. Бул кыргыз жарандары Негизги мыйзамдын мазмунуна эч кандай таасир бере алышпайт, дегенди билдирет.

Референдум ушул жылдын 11-апрелинде, жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоо менен бир өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/611