Оңой акча табуу жолунун артында мыйзамсыз аракеттер бар
RU

Оңой акча табуу жолунун артында мыйзамсыз аракеттер бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы жылдарда финансы пирамидасынын аракеттеринен жабыркап, укук коргоо органдарына кайрылган адамдардын саны миңдеп саналууда. Мындай көрүнүштөр адамдардын социалдык жактан аз камсыз болгондугунан, ишенчээктигинен келип чыгууда, дейт Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун жардамчысы Назик Байгазинова.

Анын айтымында, жарандар көп ойлонбой эле тез убакытта оңой акча табуу жолун көздөп алданып, көп учурда финансы пирамидасынын курмандыгы болуп жатышат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле "финансы пирамидасынын" ишмердүүлүгүнө байланыштуу өлкөдө 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн. сомду түзгөн.

"Улан-Амал", "Балыкчы-Ынтымак", "Ырыскы", "Ак куу", "Ак-Тилек", "Жүрөккө жүрөк", "Жүрөккө жүрөк Тоң", "Кут", "Нью-Миллениум", "Манийклуб", "Эл биримдиги", "Финико", "Элиза үй буюмдары", "Антарус Трейд", "Асыл айымдар" уюмдарынын аты аталган.

"Элиза үй буюмдары" жана "Асыл айымдар" уюмдарынын иш аракеттерине карата кылмыш иштери козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн.

"Элиза үй буюмдары" уюмуна арызданып, миңдеген жарандар кайрылышкан. Анын башында турган Б.Э. жана жолдошу М.О. жарандардын ишенимине кирип, жарандарга тиричилик техника же акчалай эквивалентте киреше табууну убада кылып, "Ватсап" социалдык тармагы аркылуу кыймыл түзүшкөн. Элди кызыктыруу үчүн "Инстаграмм", "Ватсап", "Фейсбук" социалдык тармактардан өздөрүнүн ишин өркүндөтүүгө кыргыз шоу бизнестин белгилүү адамдарына чейин катыштырып, элди акча каражатын кошуп, пайда табууга үндөшкөн.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2017-ж. редакциясы) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 214-беренеси (Каржы пирамидаларын уюштуруу) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, иш Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн жана бүгүнкү күндө сотто каралып жатат.

Иш сотко жиберилгенине карабай жабырлануучулардын саны көбөйүп, райондук ички иштер бөлүмүнө улам арыздар түшүүдө.

Орточо эсеп менен жарандар 360 сомдон тартып 50 000 сомго чейин акча каражатын салышкан, анын ичинде бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнун баары акча салып, жабыркагандар көп.

Бул топтун иш-аракети жалгыз эле Бишкекте эмес Чүйдө, Ошто, Жалал-Абдадда, Ысык-Көлдө тарагандыгына байланыштуу тергөө амалдарын жүргүзүүгө бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Ушуга байланыштуу бул иш сотто жарым жылдан бери каралып жатат, биринчиден жабырлануучуларды, күбөлөрдү сурак кылуу көп убакытты талап кылса, экинчи жагынан жабырлануучулардын көбүн сотко келүүсүн камсыз кылуу чоң кыйынчылыктарды жаратууда. Себеби алар Кыргызстандын ар кайсыл булун-бурчунда жашашат жана баарынын сотко убагында келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок, дейт Назик Байгазинова.

Бүгүнкү күндө "Элиза үй буюмдары" уюмунун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдардын саны минден ашты. Тергөдө "Элиза үй буюмдары" уюмунун банктык эсебинде 94 млн. акча каражаты болгондугу аныкталып, банктык эсеби камакка алынган. Жабырлануучулардын талабынын негизинде сот тарабынан камакка алынган банктык эсеп кайра камактан алынып, жабырлануучуларга төлөнүп бериле баштаган.

Жарандардын эсине ар бир оңой акча табуу жолунун артында мыйзамга туура келбеген аракеттер бар экендигин эскертебиз. Акча каражатын бир жакка жумшоодон мурун ал компания тууралуу толук маалымат алып, расмий булактар аркылуу чын-төгүнүн тактап алышса жакшы болот эле.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жазык кодесинин 221-беренесинин талаптарына ылайык, Каржы пирамидаларын уюштуруучуларга карата үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралгандыгын белгилейбиз, дейт прокурордун жардамчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6122