Нурбек Токтакуновдун адвокаттары камерага керебет алып келишти. Видео
RU

Нурбек Токтакуновдун адвокаттары камерага керебет алып келишти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адвокаттар камакта отурган юрист Нурбек Токтокуновго керебет алып келип беришти. Себеби Бишкектин Биринчи май райондук РИИБсинде уктоого эч кандай шарт түзүлгөн эмес, деп адвокат Замир Жоошев Facebook баракчасына жазган.

Анын айтымында, камерада шарт жок болбогондуктан, Токтакунов сыз жерге жатууга аргасыз болчу.

"Эгер кандайдыр бир себептерге байланыштуу туугандарыңыз ошол жакта болуп калса, камерада эч кандай шарт жок экенин биле жүргүлө", - деп адвокат жазган.

Белгилей кетсек, 25-мартта атайын кызматтын жоокерлери милиция менен биргеликте таң эрте Токтакуновдун үйүнө келип, Биринчи май райондук соттун беш күнгө камакка алуу токтомуна шылтап кармап кетишкен.

Юристтин адвокаты Раззак Ашимбаев да камерада отура турган орундар бар бирок жатканга орун жоктугун айтып, электр энергиясы да жок экенин кошумчалаган.

Кийинчерээк, Токтакуновдун камерасын сүрөткө тартып, социалдык тармактарга жарыялашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6124