Унуткан жоксузбу? Эртең дем алыш күн болот
RU

Унуткан жоксузбу? Эртең дем алыш күн болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-апрелде Кыргызстанда - Элдик апрель революциясы күнү белгиленет. Ал күн бейшемби күнгө туш келет, жана ошол күн дем алыш күн болот.

Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелинде президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразы болгон эл революцияга чыккан. Андан кийин президент болуп дайындалган Алмазбек Атамбаев 2011 жылдын декабрында 7-апрелди жаңы мамлекеттик майрам, деп бекиткен.

2016-жылы мыйзам долбоорго өзгөртүүлөр киргизилип, апрель революциясы болгон дем алыш деп жарыяланган.

Аны менен катар, министрлер кабинети календардык майрам күндөрүнүн көптүгүнө байланыштуу 2022-жылы 7-апрель, 7- жана 8-ноябрь күндөрүнүн статусун кайра карап чыгуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарууну пландаган болчу. Азырынча көздөгөндөрүн ишке ашыра элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6153