Социалдык тармактарга тарап кеткен Жээнбековдун ажыда жүргөндөгү видеосу эски
RU

Социалдык тармактарга тарап кеткен Жээнбековдун ажыда жүргөндөгү видеосу эски

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Сооронбай Жээнбековдун Меккеге барган видеосу таратылып жатат. Колдонуучулар аны ушул ирет баргандагы видео экен деп ойлоп жатышат. Бирок бул жаңылыш маалымат.

Видеодо көрүнгөндөй, Сооронбай Жээнебеков топ эркектердин коштоосунда бара жатат, алардын ичинен муфтий Максатбек ажы Токтомушевди, Абдышүкүр Нарматовду, президенттин аппаратынын экс-орун басары Алмаз Кененбаевдерди байкоого болот.

Социалдык тармактардын колдонуучулары бул видео менен активдүү бөлүшо башташкан. Алар Жээнбековду Сауд Аравиясында жогорку денгээлде тосуп алышты, деп комментарий калтырышууда.

Бирок, бул эски видео, ал Жээнбеков президент болуп жүргөн кезде эле тартылган.

Эске салсак, 2-февралда Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Сауд Ааравиясынын королунун чакыруусу менен кичи ажылыкка жөнөп кеткен.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында массалык баш аламандыктардан улам отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Андан тышкары, Жээнбековду жоопкерчиликке тартуу талабы менен ИИМге жана УКМКга октябрь окуяларынын катышуучулары кайрылышкан. Алардын пикири боюнча, экс-президент 5-октябрда өткөн митингди күч колдонуп таратууга акысы жок болчу. Ошондой эле, ал Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылмак. Бирок, анын адвокаты Жыргалбек Бабаев, анын жакталуучусу сотко келбей турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/615