Тилек Токтогазиев: Долларга тиешеси жок картошка да кымбаттайт
RU

Тилек Токтогазиев: Долларга тиешеси жок картошка да кымбаттайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тилек Токтогазиев азыркы тапта жана жакынкы айларда дыйкандар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып берип, бул көйгөйлөр азык-түлүктүн мындан да кымбат болушуна алып келет, деп Kaktus.kg'ге айтып берди.

№ 1-көйгөй

- Кыгызстан үрөн, дары, коргоочу каражаттарды чет өлкөдөн доллар менен сатып алат. Билишимче, азыркы тапта үрөндүн баасы кеминде 30%га кымбаттаган. Бул чыгымдар түшүмдүн наркына кирет.

№2-көйгөй

- Суу тартыштыгы. Жаан-чачын көп болгону менен быйыл да суу тартыш болот. Бул көрүнүш көптөгөн фермерлерди чочутуп, айрымдар дыйканчылыктан баш тартып жатышат.

№3-көйгөй

- 309-токтом боюнча түшүнүксүз кырдаалдын жаралышы. Ал туура эмес учурда көтөрүлүп чыккан жана дыйкандардын арасында түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Токтом кандайча иштейт, эч ким билбейт.

№4-көйгөй

- Министрлер кабинетинин чектөөчү чаралары. Өкмөт маал-маалы менен тиги же бул токтом чыгарып, айрым айыл-чарба продукциясын сыртка чыгарууга тыюу салып жатат. Кызыгы, мындай чаралар тартыш товарларга эле эмес, өзүбүз ашыгы менен өндүргөн товарга карата да көрүлүүдө. Мисалы, былтыр жүгөрүнү экспорттоого тыюу салып коюшкан. Дыйкандар ага көп каражат салып, жакшы түшүм алышкан болчу. Бир бөлүгү ички рынокто калып, калганы экспортко кетмек. Бирок чектөө киргизилип, фермерлер жүгөрүсүн ит бекер сатууга аргасыз болушкан.

№5-көйгөй

- Сууну бөлүштүрүү. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы суу маселесин түп тамырынан баштап кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Андан тышкары, Кыргызстандын ичинде да суу бөлүштүрүүнү бир калыпка салуу керек.

Кайсы азык-түлүк кымбаттайт?

- Менимче күзүндө негизги азыктардын бардыгы кымбаттайт. Буудайдын көтөрүлө турганы анык. Биз негизинен буудайды сырттан алып келебиз, ошондуктан тышкы факторлордон өтө эле көз карандыбыз. Нан, ун жана макарон, кесме сыяктуу ун азыктар кымбаттайт. Өзүңөр билгендей булар кыргызстандыктардын көбү үчүн негизги тамагы. Анын кымбатташы башка товарлардын да көтөрүлүшүнө себепкер болот.

Ундан кийин эле картошка турат. Ага болгон суроо-талап баанын жогорулашына түрткү болот.

Дыйкандар быйыл үрөндү кымбат алгандыктан тоют да көтөрүлөт. Кыскасы, мал багуу дагы кымбатка түшөт. Демек, эт, сүт, жумуртка да кымбаттайт.

Божомолдоолор боюнча азыркы баалар кеминде 20-30%га көтөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6186