Бишкекте жылуулук качан өчүрүлөөрү белгилүү болду
RU

Бишкекте жылуулук качан өчүрүлөөрү белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынган. Бул маалыматты муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын департаментинин маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулап, кескин суук күтүлбөйт.

Эске салсак, бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо керектөөчүлөр жылуулуктан өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакынкы аралыкта шаарда 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгилин жыйынтыктоо боюнча токтомго кол коёт.

Маалымдама номерлери

"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасы: 0312 21 28 47, 0312 21 28 44.

"Бишкектеплосеть" АКсынын телефондору:

  • 0312 61 11 69 - керектөөчүлөрдү колдоо борбору;
  • 0312 36 57 19, 0312 30 07 67 - Центральный райондун нөөмөт инженерлери;
  • 0312 51 06 22, 0312 21 74 06 – Түштүк аймагы боюнча нөөмөт инженери;
  • 0312 56 85 58 - диспетчердик кызмат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6194