Садыр Жапаров "Байрактардын" учушуна көз салууда. Фото
RU

Садыр Жапаров "Байрактардын" учушуна көз салууда. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" окуу борборунда "Байрактар" сокку уруучу учкучсуз учактарын колдонуу менен тактикалык машыгуу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Калкан - 2022" аттуу атайын тактикалык машыгууга президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.

"Машыгуунун негизги максаты - мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6202