Акылбек Жапаров: "Айтканың үчүн жооп бериш керек".
RU

Акылбек Жапаров: "Айтканың үчүн жооп бериш керек".

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Исхак Масалиев Facebook баракчасына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сүрөтүн жайгаштырып, "Кетет, Глеб Егорович, кетет...", - деп орус тилинде жазган.

Социалдык тармактын колдонуучулары, министрлер кабинетинин башчысы жакын арада отставкага кетет окшойт, деп ойлоп калышты. Алардын бири - Эля Орозалиева - "тилекке каршы, толтура акча менен алтындын кошо ала кетет" деп жазган.

Акылбек Жапаров ага жооп жазып: "Айтканың үчүн жооп бериш керек", - деген.

Kaktus.kg Масалиевдин өзүнө кайрылганда, депутат анын посту Акылбек Жапаровдун "отставкага кетүү тобокелчилиги ар дайым боло берет" деген билдирүүсүнө карата жазылган жөн гана тамаша пост экенин белгиледи.

"Жапаров качандыр бир убакта кетээрин айткан. Ал эми ирониянын маңызы мында: жөн эле кетип калган болбойт. Чиновникти кемчиликтери болгону үчүн кетириш керек, жөн эле эмес", - деп депутат түшүндүрмө берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6203