Дордой базарынын жанына сел түшүп, бир киши каза болду
RU

Дордой базарынын жанына сел түшүп, бир киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дордой базарынын жанында сел жүрүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 30-мартта Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн айылында сел жүрүп, анын кесепетинен адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Катуу жааган жамгырдан улам айланма жолдун аймагына сел жүргөнү аныкталган. Ошол убакта бул аймакта бак-дарактардын көчөттөрүн сатуу менен алектенип, чатырда түнөгөн 1974-жылы туулган И.Р. көз жумган.

Милиция кызматкерлери маркумдун туугандарын суракка алып, алар эч кандай дооматы жок болгондуктан РИИБге кайрылуудан баш тартышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6216