Зеленский, Кытай Украина тарапта болушун каалайм, деп билдирди
RU

Зеленский, Кытай Украина тарапта болушун каалайм, деп билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайды Киев тарапта болушун каалай турганын билдирди. Анын сөзүң РИА новости келтирген.

"Мен Кытайдын биз тарапта болушун каалайм. Бирок тандоо алардыкы", - деп Зеленский Fox News телеканалына берген маегинде айткан.

Анын пикири боюнча, Вашингтон менен Пекиндин ортосунда түз байланыш түзүлмөйүн, дүйнө жүзү муктаж болуп турган кандайдыр бир натыйжага жетүү мүмкүн эмес.

Мындан мурдараак, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Украинадагы кырдаал азыркы көрүнүшкө кептелип калганы кейиштүү экенин айткан.

Украинадагы кырдаал башталгандан бери Кытай башка өлкөлөрдөй Россияга каршы санкцияларга кошулган эмес. Ал эми КЭРдин тышкы иштер министри Чжао Лицзянь Украинадагы кризиске АКШ күнөлүү деп четин чыгарып айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6235