Актер Чынгыз Мамаев зордуктоого шектелип СИЗОго кармалды
RU

Актер Чынгыз Мамаев зордуктоого шектелип СИЗОго кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин милициясы актер Чынгыз Мамаевди кармады. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Бишкектин Свердлов районунун РИИБсинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, бул факт райондун ИИБсине катталып, "Күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Айрым маалыматтарга ылайык, Чыңгыз Мамаевдин үстүнөн чет элдик жаранды зордуктоо боюнча арыз түшкөн. Ал СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Эске алсак, Чынгыз Мамаев "Мезгил жана Алыкул" тасмасында башкы каарман Алыкул Осмоновду ойногон. Андан тышкары, "Даңазалуу доор" сериалында Ибрагим пашаны кыргыз тилинде сүйлөткөнү менен көпчүлүккө таанымал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6237