"Не сахар" долбоорунун тартуу тобуна касапкананын ээлери кол салышты
RU

"Не сахар" долбоорунун тартуу тобуна касапкананын ээлери кол салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Не сахар" долбоорунун тартуу тобуна касапкананын ээлери кол салышкан. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге топтун мүчөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 1-апрелде Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында "Не сахар" долбоорунун тартуу тобу бир нече жыл мурун тартып кеткен мал союучу жайга кайра барышкан. Буга чейин таруу тобу ал жерде бир топ мыйзам бузууларды ачыкка чыгарган болчу.

Андан кийин кылмыш иши козголуп, тергөө кандай аяктаганы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калган.

Кечээки съёмка учурунда касапканадан 20-30дай адам тасма тартуучу топту курчап, камераны, топтун бардык кызматкерлеринин уюлдук телефондорун күч менен тартып алышкан. Эркектер журналисттерге иттерди агытышкан. Фотоаппараттардагы жана телефондордогу бардык жазууларды өчүрүп, кайра кайтарып тартуу тобун кууп жиберишкен. Бирок флеш-карталарды бербей коюшкан.

Андан соң журналисттер милицияга телефон чалган, бирок келген укук коргоо кызматкерлери эч кандай чара көргөн эмес. Алар кол салуу тууралуу гана билдирүү алышкандыгын айтып, касапкананын көзөмөл камераларына тартылып калган видеолор текшерилген эмес.

Бирок, мыйзам боюнча, видео жазуулар жок болуу коркунучу жаралган учурда милиция кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүгө тийиш. Милиция кызматкерлери базанын ээси жок экен, деген шылтоо менен жабырлануучуларды сыртка чыгарып салышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6239