Алтындар Кыргызстанда калууда. Президент геологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады
RU

Алтындар Кыргызстанда калууда. Президент геологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде тоо-кен тармагынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Геологунун күнү менен куттуктады. Куттуктоо президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Өлкө башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу геологдор! Тоо-кен тармагынын ардактуу ардагерлери! Кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Өлкөбүздүн геология тармагы - мамлекеттик бюджетти түзүүчү жана улуттук саясаттын стратегиялык багыттарынын бири. Мамлекетти туруктуу жана ырааттуу өнүктүрүүдө бул тармактын маанисин эске алып, алгачкы жарлыктарымдын катарында " Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койгонум эсиңиздерде. Анын алкагында бир катар реформалар жүргүзүлүп, жергиликтүү мамлекеттик ишканалар аркылуу стратегиялык кендерди Кыргызстан өзү иштетүүнү колго алды. Тышкы башкарууну киргизүүнүн эсебинен "Кумтөр" кенинде өндүрүлгөн бардык алтын жана компаниянын пайдасы Кыргыз Республикасынын аймагында калууда. Ошону менен бирге чакан жана орто бизнес боюнча долбоорлорду каржылоо багытында рекультивация фонддорунун каражаттары мамлекеттик банктарда топтоло баштады. Кен чыккан жерлерди иштетүүгө, ишке киргизүүгө инвестиция тартууга түрткү берүү максатында лицензияларды кармоо үчүн ставкалар өзгөртүлдү. Азыркы учурда ата мекендик тоо-кен - геология комплексин капиталды көп талап кылган ишканалар түзөт. Алар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө бюджетине жалпы салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр менен кен иштетүүдөгү социалдык төлөмдөрдөн 23 миллиарддан ашык сом төлөшкөн. Бул көрсөткүчтөргө ушул тармактын бардык кызматкерлери, анын ичинде геологдор талыкпай эмгектенип жетишкендигин баса белгилеп кетейин. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк тенденциялар геология тармагын өнүктүрүү жаатында башкаруу, заманбап технологияларды колдонуу жана өлкө аймагында масштабдуу, системалуу изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу иш-аракеттерде жаңы ыкмаларды киргизүүгө түрткү берет. Мындай заманбап ыкмаларды адистерибиз ыкчам өздөштүрүп, колдонууга тез арада киргизерине бекем ишенем. Ата мекендик геологияны өнүктүрүү үчүн салым кошкон, тажрыйбасы мол ардагерлерге да өзгөчө ыраазылык билдирем! Урматтуу геологдор жана кадырлуу ардагерлер! Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымы зор бул тармактын ишин алга жылдырып, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда албан-албан ийгиликтер коштосун. Сиздерге чың ден соолук, жаратман эмгек каалайм жана мээнетиңиздерди жаңы табылгалар, геологиялык чоң ачылыштар жылоолосун!", – деп жазылат Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6242