Өлүктөргө толгон көчөлөр. Киевдеги коркунучтуу сүрөттөр
RU

Өлүктөргө толгон көчөлөр. Киевдеги коркунучтуу сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Киевдин түндүк-батышында орус аскерлери бир айдан ашык оккупациялап турган Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жайкын тургундар набыт болгон. Орус армиясы түндүккө, Беларустун чек арасына чегингенден кийин украин аскерлери шаарды ээлешти. Социалдык тармактарда кээ бир көчөлөр набыт болгондордун сөөктөрүнө толуп калганын көрсөткөн сүрөттөр жана видеолор чыга баштады.

Ишембиде чет элдик маалымат каражаттарынын, анын ичинде Reuters жана AFP агенттиктеринин кабарчылары шаарга келишти. Алар өз отчетторунда көчөлөрдө көп сандаган сөөктөрдү ырасташууда.

Франс Пресс журналисттери тарткан сүрөттөрдө каза болгондордун сөөктөрү жана украин бийликтери ушул аптада кайрадан көзөмөлгө алган шаарды көрүүгө болот. Ушундай эле сүрөттөрдү Рейтер агенттигинин кабарчылары да тартып алышкан, аларда жарандык кийимчен өлгөндөрдүн денелери, өрттөлгөн унаалар жана снаряддар менен ракеталардан жабыркаган үйлөр көрсөтүлгөн.

Ишембиде Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр украин армиясы Киев аймагын толугу менен көзөмөлгө алганын билдирди. Буча аймагында узак убакыт бою айыгышкан салгылашуулар болгон.

Каза болгон жарандар тууралуу маалыматты украиналык журналист Дмитрий Комаров да тастыктап, Одесса киностудиясынын YouTube каналына шаардан репортаж жарыялаган.

AFP фотографы көргөн 20 сөөктүн 16сы тротуарда же бордюрдун жанында болгон. Дагы үч жабырлануучу жолдун ортосунда, бирөө талкаланган үйдүн короосунда калган.

Сөөктөрдүн биринин жанында Украинанын жаранынын ачык паспорту жаткан, ал кишинин колу ак кездеме менен артына байланган. Дагы эки каза болгон адамдын колдорунда ак таңгычтар болгон.

Рейтер агенттигине берген маегинде жергиликтүү тургундар оккупация учурунда орус аскерлери аларды дайыма ушундай бинт кийүүгө мажбурлашканын айтышты.

Буча шаарынын мэри Анатолий Федорук Франс Пресс агенттигине телефон аркылуу Украина армиясы Киевге жакын негизги шаарды кайтарып алгандан кийин "280 адам буга чейин эле массалык мүрзөлөргө коюлганын" айтты.

Анын айтымында, катуу жабыркаган шаардын көчөлөрү өлүктөргө толгон. Ал эми колтук боолорго келсек, мэр мындай деп түшүндүрдү: алар "элдин куралы жок экенин көрсөтүш керек болчу".

Рейтер агенттиги орус президентинин администрациясынан жана Россиянын Коргоо министрлигинен комментарий сурады, бирок алар азырынча жооп бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6244