Бир күндө Кыргызстан боюнча COVID-19дун бир да учуру катталган жок
RU

Бир күндө Кыргызстан боюнча COVID-19дун бир да учуру катталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус жана пневмония боюнча 4-апрелге карата статистиканы келтирди.

Айыгып кеткендер

Бир күндө COVID-19дан 5 бейтап сакайып кетти. Баш аягы 196 248 жаран.

Жаңы учурлар

Бир күндө бир дагы жаңы учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 200 968 киши ооруган.

Ошол эле учурда акыркы бир сутка ичинде 1005 ПЦР тести алынган болчу.

Стационардык дарыланууда 96 бейтап бар. Амбулатордук дарыланууда - 46.

Каза тапкандар

Бир сутка ичинде каза болгон бейтаптар жөнүндө маалымат берилген жок.

4-апрелге карата 2 991 киши COVID-19дан каза болду деп катталды. Бул көрсөткүчкө пневмониядан каза болгондор да кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6251