Садыр Жапаров: Бул биздин жеңиш! Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөрүлдү
RU

Садыр Жапаров: Бул биздин жеңиш! Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр" ЖАК толугу менен Кыргызстанга таандык. Тиешелүү келишимге жаңы эле кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал республиканын граждандарын ушул окуя менен куттуктады.

"Кумтөр 100% өлкөгө таандык", - деп белгиледи мамлекет башчы.

Анын айтымында, Centerra Gold Inc. өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди доллар менен төлөп берет. Ал эми Канадалык компания 50 миллион доллар төлөйт.

Ошондой эле рекультивациялоо фондунун 53 миллион доллары кайтарылып берилет. Бул каражаттар мурда Лондон банкынын трасттык фондунда сакталып турган.

"Центерра" 2021-жылдын май айындагы алтындын партиясы үчүн алар алып кете албай калган 29 млн. долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты. Бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду.

"Кыргызалтын" "Центерра Голддун" 26% акциясынын ээси болуп калат. Бул сүйлөшүүлөргө бир жылдай убакыт кетти. Сүйлөшүүлөр оңой болгон жок, бирок биз өлкөнүн кызыкчылыгын коргодук, позициябызды кармандык", - деди Жапаров.

Дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү азыркы оор кырдаалды эске алсак, жетишилген келишимдин шарттары оптималдуу. Өлкөнүн жана биздин улуттук кызыкчылыктарыбыздын пайдасына чечилди деп ишендире алам. Соттук териштирүүлөр көп жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Жакшыраак шарттарга жетүү үчүн дагы 5 жыл, миллиондогон доллар сарптамакпыз.

"Эгерде биз буга чейин символикалык гана дивиденддерди алып келсек, тактап айтканда 20 жылдын ичинде жалпы 85 миллион доллар гана киреше болсо, өткөн жылдын жети айында эле 323 миллион доллар киреше алдык. Быйыл буюрса 500 миллион доллар алабыз.

Кумтөр кени учурда эң консервативдүү эсептөөлөр боюнча үч миллиард долларга бааланат.

Адистердин айтымында, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 160-200 тонна алтын өндүрүп, 5 миллиард АКШ доллары киреше алабыз. Бул түз пайда жана бюджетке чоң колдоо болот. Бул тастыкталганы гана. Бирок башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр да бар. Мен өзүмдөн озуп, бул жөнүндө азыр майда-чүйдөсүнө чейин токтолгум келбейт. Мен сиздерди ишендиргим келет, ал жерде чоң потенциал бар жана Кумтөр дагы деле элибизге кызмат кылат", - деп баса белгиледи Президент.

Акыры Кумтөрдү толук көзөмөлдөө биздин колубузга өттү. 20 жыл мурун болушу керек болгон нерсеге бүгүн гана жетиштик. Мен бүгүн элибизге Кудай берген кайтарылгыс жоголгон, чындыгында уурдалган байлыктар тууралуу сөз кылгым келбейт.

Кумтөрдүн байлыгы тууралуу кыргыз саясатында жүргөндө айтып келгем. Ал үчүн кесиптештерим жана үй-бүлөм менен бирге көп кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм.

Азыр жөнү жок эсептешип, бирөөнү күнөөлөп, кимиси туура, ким туура эмес экенин аныктай турган учур эмес.

Элибизди алдыга сүрөгүм келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6265