Мусулман Жоломанов Түркиянын Ачык чемпионатында коло медалын алды
RU

Мусулман Жоломанов Түркиянын Ачык чемпионатында коло медалын алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов жана Алмаз Эсенжанов 5-6-феврал күндөрү Стамбул шаарында жабык имаратта өтүүчү Туркиянын Ачык чемпионатына катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, мелдештин жыйынтыгы менен Мусулман Жоломанов 1500 м аралыкта (жыйынтыгы – 3:49.47) 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын рекордун жаңылады. Ошондой эле, М.Жоломанов 3000 м (8:22,51) аралыкта 6-орунду ээледи. Алмаз Эсенжанов 1500 м аралыкта 16-орунду жана 3000 м аралыкта 10-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, Ачык чемпионатка 9 өлкөдөн келген 111 спортчу катышкан.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына ылайык спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында иш-сапарга барып келишкен, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/626