Султанбеков: Жапаров менен Ташиевди да сотко чакыруу керек
RU

Султанбеков: Жапаров менен Ташиевди да сотко чакыруу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-апрелде Биринчи Май райондук сотунда, 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков өлкө президенти Садыр Жапаровду күбө катары сотко чакырууну суранды.

Анын айтымында, президент массалык маалымат каражаттары аркылуу революция жасаганын ачык айткандыктан, аны суракка алуу зарыл.

Ошондой эле Султанбеков президенттин бир туугандары Сабыр менен Долгот Жапаровду да сотко чакырууну суранды.

Мындан тышкары, ал УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди, БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекованы жана экс-мэр Айбек Жунушалиевди сотко чакыруу керек деп эсептейт.

Дагы бир айыпталуучу Фарид Ниязов өзүн "Мекенчил" партиясынын мүчөсүмүн деп тааныштырып, Октябрь окуясына катышкан Мелис Аспековду да суракка алуу керектигин кошумчалады. Мындан тышкары Октябрь окуясынын катышуучулары жашаган "Ак-Кеме" мейманканасынын администраторун да суракка алуу зарыл деп эсептешет.

Адвокат Замир Жоошев дагы Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановду суракка алууну сунуштады. Ал эми Жеңиш Молдокматов меморандумга кол койгон ошол кездеги Координациялык кеңештин бардык мүчөлөрүн, анын ичинде Алтынбек Сулаймановду, Адахан Мадумаровду жана башкаларды чакырууну өтүндү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6270