Алмазбек Атамбаевге кайрадан тез жардам чакырылды
RU

Алмазбек Атамбаевге кайрадан тез жардам чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум дагы эртеңкиге, 6-апрелге жылдырылды.

Белгилей кетсек, жолугушуунун соңунда Алмазбек Атамбаевдин жубайы күйөсүнүн ооруп калганын байкап, тез жардам кызматын чакыруу зарылдыгын билдирген.

Сот отуруму эртең, 6-апрелде саат 10:00дө улана турганын билдиришти.

Соттук процесс аяктагандан кийин соттун имаратына тез жардам кызматы келген. Бирок, Раиса Атамбаева Атамбаевди ден соолугунун начардыгына карабай тез жардам келгенге чейин алып кетишкенин айткан. Ал экс-президентти күч менен сотко алып келишкенине нааразы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6272