"Сапат" лицейлерине кирүү сынактары башталды
RU

"Сапат" лицейлерине кирүү сынактары башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын ар бир булуң бурчунан сапаттуу билим алууну каалаган окуучулар Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин лицейлерин тандашат.

2022-жылдын 4-20-апрелинде республиканын бардык облустарында Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин лицейлерине 6-класстын окуучуларын кабыл алуу сынагы жүргүзүлөт. Аталган сынак 2 турдан турат.

1-тур: тийиштүү райондор менен шаарларда онлайн же оффлайн режимде өтө турган сынак. 6-класстын программасынын негизинде даярдалган суроо китепчесинде 50 суроо берилет, суроолор кыргыз/орус тилдүү класстарга жараша түзүлөт жана төмөндөгү предметтерди камтыйт:

  • Математика – 20 суроо
  • Кыргыз тили, орус тили – 10 суроо
  • Тарых – 4 суроо
  • География – 4 суроо
  • Биология – 4 суроо
  • Англис тили – 8 суроо

Оффлайн сынак учурунда окуучуларга атайын суроо китепчелери таратылып берилет.

Көңүл бургула! Ар бир облуста кирүү сынактардын күнү жана сааты , ошондой эле өткөрүү түрү (онлайн же оффлайн) айырмаланат. (ар бир облустун кирүү сынактарынын графигин жана лиейлерибиздин байланыш телефондорун караңыз).

Сынактын 2-туру тууралуу маалымат кийин кошумча берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6278