Атамбаев: Бакиев кыялданган хандык куруп жатабыз
RU

Атамбаев: Бакиев кыялданган хандык куруп жатабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйын 8-апрелге жылдырылган, бирок экс-президент журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, мамлекетти хандык эмес, эл башкарышы керек.

"Биз Бакиевдин кыялындагыдай хандык куруп жатабыз. Бул кырсыкка алып келет", - деди Атамбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6284