Алматыда мас адам жылаңач абалда аэропортко кирип барган (видео)
RU

Алматыда мас адам жылаңач абалда аэропортко кирип барган (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматы шаарында, мас, жада калса ич кийимсиз жылаңач болгон адам аэропорттун короосуна кирип, учуп-конуу тилкесине чуркаган. Бул тууралуу РИА Новости транспорттук полиция департаментинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Алматы эл аралык аэропорту окуя чынында эле аэропорттун аймагында болгондугун тастыктаган.

"Алматы аэропортунда транспорт полициясы тарабынан административдик укук бузуу үчүн 1997-жылы туулган жаран кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул жаран 6-апрель күнү саат 00:10до Алматы аэропортунун жергиликтүү конуучу терминалынын жанындагы тосмону ашып, учуп-конуу тилкесин көздөй чуркап кеткендиги аныкталган"- делет басма сөз кызматында.

Кармоо учурунда ал өзүн туура эмес алып жүргөнү белгиленет. Кийинчерээк медициналык экспертиза кармалган адамдын мас абалда болгонун тастыктаган.

Аталган жаранга карата бир эле учурда үч административдик протокол түзүлдү - алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги же коомдук жайларга мас абалында чыккандыгы, майда бейбаштык кылгандыгы жана аэропорттон тийиштүү уруксатсыз өткөндүгү үчүн.

Административдик материалдар сотко жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6285