Эдил Байсалов БУУнун Женевадагы форумунда Кумтөр боюнча билдирүү жасады
RU

Эдил Байсалов БУУнун Женевадагы форумунда Кумтөр боюнча билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Европалык Экономикалык комиссиясынын аймактык форумун ачып жатып, Кыргызстан менен канадалык эл аралык Centerra Gold Inc компаниясынын ортосундагы келишимге токтолду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

"Биздин эң ири алтын кенибиз жана улуттук байлыгыбыз толугу менен Кыргыз мамлекетинин менчигине өттү. Келишим бардык кызыкдар тараптар үчүн тынч жана өз ара пайдалуу болду. Кыргыз Республикасы мыйзам үстөмдүгүн коргоого жана бардык эл аралык жана улуттук кепилдиктерди берүүгө умтуларын ырастайт. Биздин өлкө бизнес үчүн ачык", - деди Байсалов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6291