Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өтөт. Качан жана кантип?
RU

Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өтөт. Качан жана кантип?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлигинин демилгеси боюнча бүгүн, 8-апрелде "Кыргыз Республикасынын 12 жылдык мектептик окуу системасына өтүшү атайын жасалган чечим. Мындай сизтема АКШ, Сингапур, Казакстан, Грузия жана башка 132 мамлекетте иштейт", - деп билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мурда эле нөлдүк класс мыйзамдаштырылган, эми ал жөн гана биринчи класс болуп калат.

"12 жылдык билим берүүгө өтүү 2022-жылы эмес, бул маселе боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн бардык система даярдалгандан кийин болот. Трансформация бир нече этап менен ишке ашат", - деди министрдин орун басары.

Жусупбекованын айтымында биринчи класс олуттуу программа эмес, ойноо форматында болот.

"Алар бир орунда отуруп, окубайт. Ар кандай оюндар аркылуу окутулуп, негизги сабагы дене тарбия болот. Баары балдардын жаш курагына туура келет. Маанилүү социалдык көндүмдөр, экскурсиялар өткөрүлөт. Үй тапшырмасын аткарууга бир саат гана убакыт берилет", - дейт.

Билим берүү министрлиги менен Билим берүү академиясынын өкүлдөрү эми бул маселе ар тараптуу талкууланарын, иш-чаранын бардык катышуучулары трансформация жеңил болоруна ынанарын белгилешти.

"Бизде дарыгерлер сыяктуу эле "зыян келтирбөө" деген негизги принцип бар. Бир жылдан кийин жыйынтыгын көрөбүз. Бирок, 2023-жылдан тарта 12 жылдык система ишке киргизилет деп айтсак болот", - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6308