Алымкадыр Бейшеналиев менен Эрнст Акрамов элдештиби? Алар ишембиликке чогуу барышкан
RU

Алымкадыр Бейшеналиев менен Эрнст Акрамов элдештиби? Алар ишембиликке чогуу барышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көчөттөрдү отургузууга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана профессор Эрнст Акрамов чогуу катышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

"Бүгүн, 9-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. Ишембиликке оорукананын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү барган.

Профессор Эрнст Хашимович Акрамов карыганына карабастан айланат чөйрөнү тазалоо, жашылдандыруу иштерине катышкан. Алар Саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте балаты отургузушту, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагынын иши жана өнүгүүсү тууралуу сүйлөшүштү", - деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6316