Башка өлкөлөрдө мектепте билим берүү канча жыл?  
RU

Башка өлкөлөрдө мектепте билим берүү канча жыл?  

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан ары Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өтүп, 1-класска 6 жаштан барып башташы мүмкүн. Мунун себеби катары өлкөнүн билим берүү системасын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтыруу менен түшүндүрүшүүдө. Алдыда башка мамлекеттердин окуу системасы канча жыл экендиги боюнча маалымат беребиз.

Улуу Британия

Улуу Британияда балдар мектепке 5 жашынан баштап бара башташат. Бирок алгач даярдоо мектеби болуп, анда оюндарга жана коом менен аралашууга көңүл бөлүнөт. Аларда мектепте билим берүү 13 жылга чейин болот. Бирок 12-13-класстар милдеттүү эмес жана бардык мектептерде эле боло бербейт. Окуучулар жогорку класстарга окууну өздөрү чечип, ал үчүн сынакка киришет.

АКШ

Америка Кошмо Штаттарында балдар мектепке 5-8 жашынан баштап бара башташат. Бирок башталгыч класстарда өтүлө турган сабактардын саны чектелүү болуп, жазганды, окуганды жана арифметиканы үйрөнүшөт. Көбүнчө балдарды билим деңгээлине жараша бөлүшөт. Аны болсо эң башында берген тесттин жыйынтыгына карап аныкташат. 11-14 жаш аралыгындагы балдар орто класста окуп, сөзсүз түрдө окуй турган сабактарды окушат жана андан тышкары 2 сабакты өз алдынча тандайт. Ал эми жогорку класстагылар окуй турган сабагын өздөрү тандашат. Жалпысынан америкалыктар 12 жыл окушат.

Жапония

Жапониялыктар 6 жашынан баштап мектепке барып, 12 жыл окушат. Балдар башталгыч жана орто класстарда окуганга милдеттүү. Ал эми жогорку класстарда окуу баланын каалоосуна байланыштуу. Жапонияда окуучулар 6 күндүк окуу системасы менен окушат. Бирок жапониялыктар тамга таануу, математика сыяктуу алгачкы билимди бала бакчада эле алышат.

Дания

Данияда мектептеги билим берүү 13 жылга чейин болуп, балдар мектепке 6 жашынан баштап окуй башташат. Ал эми милдеттүү түрдө билим алуу 7 жаштан 17 жашка чейинки убакытты түзөт. Мектепте милдеттүү билим алуу акысыз болуп эсептелинет.

Австралия

Австралияда балдар 6 жашынан бара баштап, мектепте билим берүүнүн убактысы 22,9 жылга чейин созулат.

Нигерия

Нигериянын мектептеги билим берүү эң кыска болуп эсептелинет. Балдар мектепке 7 жашынан баштап барып, орточо 5,3 жылда мектепти бүтүрөт.

Финляндия

Финляндияда балдар 6-7 жашынан мектепке бара башташат. Мектепте окуу 10-11 жылды камтып, орточо 16-17 жашында аякташат. Мамлекет башталгыч класстарды бекер окуу менен камсыз кылат. Бир гана билим алуусун эмес окуу китептери, дептер, калем сыяктуу негизги окуу куралдары жана тамагы бекер болот.

Башка өлкөлөрдө мектепте билим берүү канча жыл? 

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6318