Бактыбек Аманбаев АКШ элчисинин кызматына каралууда
RU

Бактыбек Аманбаев АКШ элчисинин кызматына каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бактыбек Аманбаевдин кандидатурасы АКШ элчиси кызматына каралууда. Бул маалыматты Kaktus.media'га ал өзү тастыктады.

Буга чейин кыргыз тилдүү ММКлар жеке булактарына шилтеп, Аманбаев элчи болуп дайындалды, деген маалыматты жазып чыгышкан, бирок расмий түрдө азыркы элчи Болот Отунбаевдин отставкасы жөнүндө эч кандай маалымат берилген эмес. Kaktus.media редакциясына интервью берип жатып, Аманбаев ал расмий түрдө дайындала электигин баса белгиледи.

"Дипмиссияга дайындоо татаал процедура, америка тарап менен да макулдашуу керектелет, ага эки айдан ашык убакыт кетиши мүмкүн. Азырынча, бардык тиешелүү процедуралар жүруп жатат, кызматка дайындоо бүтө элек", - деди ал.

Бактыбек Аманбаевдин политология тармагында жогорку билими бар, ал ТИМдин дипломатилык академиясынын магистратурасын аяктаган. Көп жыл журналистикада эмгектенген. Маселен, "Азаттык" радиосунда иштеп, КТРКнын менеджментине да кирген. 2013-2015-жылдары омбудсмен кызматын аркалаган. Октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясынын тизмесинде болчу. Садыр Жапаров премьер-министр болгондон кийин өкмөттүн аппаратын жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/632