"Асанов генерал-майордун формасын кийген". Октябрь окуясы боюнча кандай айыптар коюлууда
RU

"Асанов генерал-майордун формасын кийген". Октябрь окуясы боюнча кандай айыптар коюлууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланды.

Прокурорлор мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башкаларга айыптоо корутундусун окушту.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, айыпталуучулар кырдаалды туруксуздаштыруу жана өлкө жетекчилигин кызматтан кетирүү максатында тергөө тарабынан аныкталбаган адамдар менен алдын ала бүтүмгө келип алышкан. Алар башаламандыкты уюштуруу менен бийликке жетүүнү көздөшкөн. Алар Ала-Тоо аянтында өткөн тынчтык митингинен пайдаланып, азыркы бийликти кетирүү талабы менен трибунага чыгып сүйлөшкөн. Ошентип, Молдокматовдун сөзүнөн улам жаңы шайлоону талап кылган эл бийликтин отставкасын талап кыла баштаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов ошол кезде агрессивдүү маанайды жаратып, кийинки чоң кагылышууларга түрткү болгон. Бул аракеттер полиция менен митингчилердин кагылышына алып келген.

Натыйжада, Молдокматов, Асанов, Султанбековдор Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз аракеттерди уюштуруп, ошонунун айынан бир топ адамдар Ак үйдүн имаратын басып алышкан.

Ушундай себептерден улам, өлкөдө саясий кырдаал туруксузданып, өлкөнүн жетекчилери өз милдеттерин аткаруудан баш тартышты.

Мындан тышкары, алар Алмазбек Атамбаевди абактан мыйзамсыз чыгарууну уюштурган делип айыпталууда.

Айыптоочу тараптын айтымында, Асанов да 6-октябрдагы учурдан пайдаланып, тарапташтары менен Ички иштер министрлигинин имаратына келген. Ал өрт коём деп коркутуп, Ички иштер министринин кабинетин ээлеп алган. Ал өзүн ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу экенин билдирип, генерал-майордун формасын кийген. Бирок, ага укуктуу эмес болчу", - деди прокурор.

Ошондой эле мамлекеттик айыптоочу Асановдун оозеки буйругу менен ИИМдин 7-башкармалыгынын кеңсеси жабылып, иш үзгүлтүккө учураганын билдирди.

Асанов 9-октябрга чейин Ички иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткарып келген. Бул учурда ал мыйзамсыз буйруктарды берген. Ал эми 9-октябрда ИИМдин өздүк курамы Асановду кууп чыгышкан деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6332