Казакстанда быйыл 9-майда парад болбойт
RU

Казакстанда быйыл 9-майда парад болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл, 9-майда Казакстанда аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Zakon.kz Telegram каналы билдирди.

Ошондой эле Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскердик парад өткөрүү пландаштырылган эмес. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Бирок өлкөнүн бардык аймактарында 50гө жакын түрдүү аскердик-патриоттук иш-чаралар өткөрүлөт – өзүнчө блок Экинчи дүйнөлүк согуштун жана Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлерин сыйлоо иш-чаралары болот, деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6340