Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, жараат алгандар бар экени кабарланды
RU

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, жараат алгандар бар экени кабарланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы жараат алганын кабарлады.

Расмий маалыматта "Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени" айтылды.

"Алар "Чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген эскертүүгө баш ийген эмес. Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан. Жооп иретинде тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарган", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Бул окуя боюнча Тажикстан эч кандай комментарий бере элек.

Ок атышуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон. Абалды туруктуу кармоо, кырдаалды курчутпоо боюнча жеринде сүйлөшүү уланып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өтүп, чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Жыйында чек ара аймактарына кошумча куралдуу күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашууга кол коюлган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени айтылган. Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ок атышууга чейин жетип, адам өмүрүн алган чыр-чатактар байма-бай катталып турат.

Тараптар мындай чатактар үчүн бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү таратып келишет.

Булак: "Азаттык" үналгысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6347