Бишкек шаардык соттунда, белгисиз адамдар судьялардын кабинеттериндеги сейфтерди ачышкан
RU

Бишкек шаардык соттунда, белгисиз адамдар судьялардын кабинеттериндеги сейфтерди ачышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык сотунда, судьялардын кабинетине белгисиз адамдар кирип, кылмыш иштери сакталган сейфтерди ачышкан. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 9-февралдан 10-февралга караган түнү, белгисиз адамдар Бишкек шаардык сотунун имаратына кирип, судьялардын кабинеттериндеги сейфтерди ачышкан.

"Азыркы тапта иштердин инвентаризациясы жүрүп жатат. Кылымыш иштери жазылган папкалар уурдалдыбы же жокпу белгисиз. Кылмыш иши, экономикалык кылмыштар жана жарандык кылмыштар боюнча иш алып барган соттордун кабинеттерине эле киргени белгилүү болду", - деп күч структурасындагы кызматкерлер айтышты.

Кийинчерээк, бардык папкалар ордунда экенин кабарлашты. Азырынча жарандык, кылмыш жана администртивдик иштердин жоголгондугу аныктала элек.

Тергөө иши жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/634