Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматынан кетти
RU

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматынан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматынан кетти. Бул жөнүндө Sputnik Кыргызстан сайты жеке булактарына таянып билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Kaktus.media'га муфтий азыр ордунда жок экендигин жана расмий маалымат кечирээк болоорун айтышты.

Мындан мурда КМДБ жеке мекемелерге ажылыкка тапшырылган каражаттарды карызга берип, ай сайын пайыздарды топтоп жүргөнү маалым болгон. Ошондой эле УКМК кызматкерлерине да $100 миң пара бергени аракет кылган.

Эске салсак Максатбек ажы Токтомушев 2014 жылдан баштап муфтий болуп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/636