Өзүн ЖКнын депутатымын деп тааныштырган аял милиция кызматкерлерин сөккөн (видео)
RU

Өзүн ЖКнын депутатымын деп тааныштырган аял милиция кызматкерлерин сөккөн (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдаровага окшош аял милиция кызматкерлерине баш ийбей койгону тартылган видео жөнөтүшкөн.

Видеодо аял патрулдук милиция кызматкерлерине жаман сөздөрдү айтып, кызматтан кетирем деп коркутканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк редакцияга кызматкерлердин бири түшүндүрүү катын жөнөткөн. Маалыматка караганда, 3-апрелинде патрулдук милиция Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кечилишинде саат 22:00 чамасында Honda CRV унаасы арткы тормоз чырактары жана мамлекеттик номурлардын жарыгын күйгүзбөй айдап баратканын байкап калган. Аны токтотуп, өздөрүн тааныштыруу үчүн келишкен.

"Аял агрессивдүү түрдө бардык кызматкерлерди иштегенди билишпейт деп айткан. Ал күбөлүк көрсөтүп, Жогорку Кеңештин депутаты экенин билдирген. Унаанын документин сураганда, унаага жакындаба деп аларды сөгүп, ИИМге жана УКМКга чалам деп белгисиз адамдарга чала баштаган", - деп айтылат түшүнүк катта.

"Мен андан документтерин көрсөтүшүн сурандым, бербей коюшту, анан өзүн депутатмын деп тааныштырган аял видеокамерамды жулуп алып, досуна берип машинени айдай баштады, ал эми мен рулду кармап, машинанын от алгычын өчүрдүм. Ошол убакта эшикти ачып ичиме 2-3 жолу тепти. Андан сырткары уят сөздөрдү айтып сөгүндү. Мен эч нерсе деген жокмун. Дагы унааны айдап кетип калганга аракет кылды, бирок мен анын жолун тосуп койдум. Ошондон кийин ал сыртка чыгып, бизди жумуштан кетирем деп анан үйүнө кетти",-деп жыйынтыктады кызматкерлердин бири.

Эрте менен Kaktus.media редакциясы Айдарованын өзү менен байланышканда, ал жолугушуудан кийин маалымат боюнча комментарий берерин убада кылды. Бирок саат 15:00гө чейин ал кайра чалган жок.

Ал эми патрулдук милиция кызматкерлери жакын арада кырдаал боюнча комментарий бере турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6377