"Тазалыкчылар" мэр менен жолуккандан кийин ишке чыга баштады
RU

"Тазалыкчылар" мэр менен жолуккандан кийин ишке чыга баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Митингге чыгып, иш таштаган жумушчулар менен шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кезигип, көйгөйлөрүн уккан деп жазат Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги.

Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууну жандантты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Таң эрте жумушчулар менен шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кезигип, көйгөйлөрүн уккан.

Эске салсак, кечээ ишкананын кээ бир кызматкерлери мурдагы жетекчисин кайра дайындоо талабын коюп митингге чыккан. Алар улам башчылар алмашып, анын айынан айлык акы кечиктирилип, техниканын тетиктерине акча бөлүнбөй жатканына нааразы болгон. Буга чейин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев "Тазалыкчылардан" тезирээк жумушка чыгууну суранган болчу.

Мэрия өз кезегинде "Тазалык" ишканасынын 2019-2020-жылдагы ишинде мыйзам бузуулар аныкталганын, мамлекетке 139,6 миллион сомдук зыян келтирилгенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6383