Окуу жайлар реалдуу режимде окута турган болсо кандай шарттарды сакташы керек?
RU

Окуу жайлар реалдуу режимде окута турган болсо кандай шарттарды сакташы керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык, салттуу форматта окутууну уюштуруу учурунда колледждер окуу жайда бир учурда минималдуу сандагы студенттердин болуусу үчүн окуу сабактарынын ийкемдүү ырааттамасын түзүүгө милдеттүү. Мындай маалыматты Билим бер жана илим министрлиги таратты.

Келген билдирг ылайык, орто кесиптик окуу жайдын тандоосу боюнча студенттик контингентти сабакка келүүнүн аныкталган күндөрүн белгилөө менен 2-3 нөөмөткө бөлүүгө жол берилет.

Окуу жайларга чоң группаларды бир аудиторияда социалдык аралыкты сактоо шартында 15-20 студенттен ашпагандай кылып бөлүштүрүүнү алдын ала караштыруу сунушталат.

Колледждер танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүүсү, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияларда студенттердин топтолуусуна жол бербеши керек, студенттердин арасында массалык иш-чараларды өткөрбөөсү зарыл.

Окуу жайлар авиа каттамдар калыбына келбеген же "чек аралар ачылбаган" чет өлкөлөрдүн жарандары - студенттер үчүн окутууну барып келүүдөгү чектөөлөр алынганга чейин аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде уюштурушу зарыл.

Чет өлкөлөрдүн жарандары - студенттерге окуу процессине катышууга "COVID-19га" текшерүүнүн натыйжасы болгон учурда гана уруксат берилет, - деп маалыматты жаызлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/638