Зеленский: Россия түбөлүккө Украинадан утулду
RU

Зеленский: Россия түбөлүккө Украинадан утулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия түбөлүккө Украинадан утулуп калды деп жар салды. Бул тууралуу Украинанын жетекчиси видеокайрылуу учурунда билдирген. Видео Telegram'га жарыяланган.

"Өлкөбүздүн түштүгүндө жана чыгышында кырдаал дале оор бойдон, кайра калыбына келүү тууралуу кеп кылуу али эрте. Херсон жана Запарожский райондорунда россиянын аскерлери жөнөкөй жарандарга каршы террорун улантып, украиналык аскер менен же мамлекеттик структураларга тиешеси бар болгон бардык жарандарга издөө салып жатышат. Алар мындай аракеттер аймакты башкарууга жардам берет деп ойлоп жатышат, бирок жаңылышат", - деп Зеленский баса белгиледи.

"Алар өздөрүн алдап жатышат. Россиялыктардын көйгөйү - аларды активисттер, ветерандар же журналисттер кабыл албаганда эмес. Россиялыктардын негизги көйгөйү - аларды украина эли кабыл албай калды жана эч качан кабыл албайт. Россия түбөлүккө Украинага утулду. Украинага эле эмес, дүйнө жүзүнө утулду. Аны эч жерде кабыл алышпайт", - деди президент.

"Ал эми россиялык аскердин Приазовье, Донбасс, Харьковщинаны басып алуу аракетиндеги мыкаачылыгы бул өлкө менен кенедей болсо да байланыш түзүү шансын жокко чыгарууда. Балким Россияда мыкаачылык кылганың үчүн сыйлашат, бирок бизде, Украинада мыкаачыларды жек көрүшөт жана жазалашат. Бул милдеттүү түрдө", - деп Зеленский айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6394