Алымкадыр Бейшеналиев түндө келип Исманкуловдун клиникасын бекитип салды
RU

Алымкадыр Бейшеналиев түндө келип Исманкуловдун клиникасын бекитип салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун көздүн микрохирургиясы клиникасына түндө келип, эшикти жаптырып салган. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге Алмазбек Исманкулов өзү билдирди.

Анын айтымында, министр болжол менен саат 22:30да келген.

"Камераларга түшүп калган видео бар. Ал адаттагыдай эле жалгыз эмес, адамдардын коштоосунда келген. Биздин кароолчу менен милиция кызматкерин клиникага качырып киргизип, тышынан бекитип кетишкен. Элдер терезе аркылуу эмне болгонун билүүгө аракет кылышкан. Министр клиника жабылды деп айтыптыр. Ал бардыгын камап салам деп коркутуптур. Кароолчунун башын жулуп бир жерине тыгам деп сөгүптүр. Андан кийин шашылыш кетип калган. Бир канча убакыттан кийин кызматкерлер бекилген эшикти ачып, сыртка чыгышкан", - деп Исманкулов айтып берди.

Клиниканын башчысы укук коргоо органдарына кайрылып, болуп жаткан окуяларга чара көрүүнү суранат.

"Министрдин түнкүсүн келип, кызматкерлерди коркутканга кандай акысы бар? Тиешелүү органдар чара көрот деп үмүттөнөм", - дейт Исманкулов.

Ал эми биз Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда, "Кантип мени сөктү деп айтып жатат? Мен анын баласы менен сүйлөшкөн болчумун. Мындан ары эч кимди сөкпөйм деп өзүмө сөз бергем. Кароолчу менен бүгүн барып сүйлөшөм. Ошентип айткан болсом, өзүмдүн башымды бир жерге тыгам", - деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6400