Байсалов: Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер
RU

Байсалов: Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов социалдык баракчасына билдирүу жазган. Анда Акылбек Жапаровду вазир деп атап, анын иштегени элдин бактысы экенин белгилеген.

"Акылбек Жапаров боюча бир жактан сын окуп же ушак угуп калсам - негизинен, биринчи реакциям - күлкүм келмей болду. Чын! Бул кишини билип билбей эле апыртып, көптүрүп, көралбастык жана ич күйүүтүн тим эле жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы - баш вазир Акылбек Жапаров азыр мамлекетке кызмат кылып атканы - бул элибиздин бактысы…", - деп Байсалов белгилеген.

Ал дагы көп нерсени айткысы келгенин жазып, бирок антсе туура эмес болуп калганын билдирген.

"Алты ай болду кабмин келгенине. Чоң ийгиликтер алдыда… Азыр туугандарыма айтаарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку карасанатайларды укпаңыздар! Баары жакшы болот!", - деп Байсалов Facebook баракчасына жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6401