Түнкү поллюция тууралуу кызыктуу 5 факт
RU

Түнкү поллюция тууралуу кызыктуу 5 факт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Поллюция - эркектердин уругунун өз алдынча чыгышы, көбүн эсе уктап жатканда болот. Бирок, бул кадимки физиологиялык процесс көпчүлүк арасында уят катары кабыл алынат. Келиңиз түнкү поллюция тууралуу кызыктуу фактыларды билип көрөлү.

  • Поллюция атайын эмес, өзүнөн-өзү сперманын бөлүнүп чыгышы. Тактап айтканда, организм ушундай жол менен ашыкча уруктан арылат. Бул эч кандай оору эмес, табигый нерсе.
  • Поллюция балагатка жетти деген белги. Эркектерде 12-13 жаштан баштап суюктук убак-убагы менен чыгып турушу керек. Кайсы маалда чыгат (күндүз же түнкүсүн) анын айырмасы жок. Коркунуч туудурбайт, тескерисинче, 18 жашка чейин такыр эле эякуляция жок болсо, мына ошондо тынчсыздануу керек.
  • Поллюциянын мастурбация менен байланышы жок жана андан арылууга аракет кылбай эле коюу керек. Себеби бул процессти башкаруу мүмкүн эмес
  • Эгер норма тууралуу сөз кыла турган болсок, болжолу менен өспүрүмдөрдө жумасына 4-5тен, чоңдордо 3 жолудан ашпашы керек (баары жыныстык жашоосу менен байланыштуу).
  • Поллюция бардык эле эркектерде боло бербейт. Себеби ар ар бир адамдын организми индивидуалдуу. Мындай учурда урологго келип көрүнүп коюу керек. Эгер адис баары жакшы десе, анда баары жакшы. Сезгенүү сыяктуу бир нерселер болсо, анда дарылануу керек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6408