Кирүү акысыз! Беш күн өтчү Салттуу музыка жумалыгынын программасы
RU

Кирүү акысыз! Беш күн өтчү Салттуу музыка жумалыгынын программасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 20-25-апрель күндөрү өтө турган Салттуу музыка жумалыгы менен IX эл аралык музыка, бий конгрессинин программасын жарыялады.

Иш-чараны министрлик менен "Кыргыздын салттуу музыкасы" фонду уюштурууда.

20-апрель

Саат 10:00дөн 18:00гө чейин салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жөө жүрүшү болот.

Уркуя Салиева атындагы эс алуу жайында "Улут наркы" көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Ушул эле жерде саат 10:30дан 11:00гө чейин аспапчы усталардын мастер-классы жана конкурсу уюштурулат.

Саат 11:30дан 17:30га чейин Улуттук тарых музейинде IX эл аралык музыка жана бий конгресси тартууланат.

21-апрель - "Дастан" күнү

Саат 10:00дөн 17:30га чейин Улуттук тарых музейинде IX эл аралык музыка жана бий конгрессинин экинчи күнү болот.

Саат 11:00дөн 12:00гө чейин Улуттук тарых музейинде "Ата-бабадан мурас - акындык өнөр" мастер-классы өтөт. Аны КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев жана анын шакирттери тартуулайт.

Саат 13:00дөн 17:30га чейин Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Психосоматикалык медицина жана психология. Психосоматикадагы искусство синкретизми" эл аралык илимий-практикалык конференция болот.

Саат 18:00дөн 20:00гө чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрынын концерти өтөт.

22-апрель - "Күү күнү"

Саат 09:30дан 17:30га чейин Улуттук тарых музейинде IX эл аралык музыка жана бий конгрессинин үчүнчү күнү болот.

Саат 11:00дөн 12:00гө чейин Улуттук тарых музейинде "Комуз чертүүдөгү кол ойнотуулар жана шилтемдер" деп аталган мастер-класс өтөт. Аны КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана комузчу Саадабай Шабданов тартуулайт.

Саат 18:30дан 20:00гө чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кайрат Иманалиевдин "Коркут ата" драмасы болот.

23-апрель - "Ыр күнү"

Саат 12:00дөн 13:00гө чейин Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия Федерациясынан келген (Тува, Алтай, Хакасия) салттуу музыкалык искусствосун алып жүргөн өнөр ээлеринин мастер-класстары тартууланат.

Саат 13:00дөн 15:00гө чейин Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу" (жогорку жана орто билим берүүчү кесиптик окуу жайлардын катышуусунда) аттуу тегерек стол өтөт.

Саат 18:00дөн 20:00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында музыкалык окуу жайлар отчёттук концерт берет.

24-апрель

Саат 14:00дөн 17:00гө чейин жумалыктын алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген катышуучуларына Улуттук тарых музей менен Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине экскурсия уюштурулат.

25-апрель - "Салттуу музыка күнү" жумалыгынын жабылышы

Саат 18:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз улуттук филармонияда салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчү ишмерлердин гала-концерти өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Россия Федерациясы (Тува, Алтай, Хакасия өлкөлөрү) жана башка өлкөлөрдөн келген өнөр ээлери катышат.

Бардык иш-чарага кирүү акысыз.

Маалымат Sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6424