Депутат: Кыргыз-казак чек арасын өткөндөр арызданып жатышат
RU

Депутат: Кыргыз-казак чек арасын өткөндөр арызданып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-апрелде. Жогорку Кеңеште өткөн жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков жакында эле кыргыз-казак чек арасынын ачылганын эскертип, бирок жөнөкөй жарандардан арыздануулар түшүп жатканын билдирди.

"Кудайга шүгүр, жакында Казакстан жөнөкөй жүргүнчүлөр үчүн чек арасын ачты. Бирок, мага бир маалымат келди. Кыргыз, өзүбүз тарап, жасалма тыгын уюштуруп, ошол жердеги жигиттер 3000 сом берсең өткөрүп коебуз дешет экен. Ушуну чек ара кызматы, бажы кызматы текшерип коюшсунчу. Түбүндө ким бар? Эгер ушул айтылгандар чын болсо, уюштургандарды каракчылык беренеси менен жазалаш керек", - деп депутат сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6429