Ош базарынын соодагерлери мэриядан орундарын талашып мушташып жатышат (видео)
RU

Ош базарынын соодагерлери мэриядан орундарын талашып мушташып жатышат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош базарында мыйзамсыз соода кылгандар менен тирешүү уланып жатат. Бүгүн мэриянын кызматкерлери соодгерлердин столдорун алып кетишти.

Эске салсак, өткөн жумада соодагерлер "Ак үйдүн" алдына митингге чыгып, президент Садыр Жапаровдон аларга иштегенге мүмкүнчүлүк берүүнү суранышкан.

Ош базары Ленин районуна караштуу, жетекчилик сатуучулардан митингге чыкпай эле койгула деп суранышкан. Анткени, баары бир мыйзамсыз соода кылгандарга ал жерде иштөөгө уруксат берилбейт. Алар аренда төлөп, мыйзам чегинде иштеп, ижараны төлөп, патент сатып алган башка соодгерлердин укугун бузуп, иштөөгө тоскоолдук жаратып жатышат, деп түшүндүрүштү.

Ошондой эле акимиаттын билдирүүсүнө ылайык, алар мыйзамсыз соода кылгандардан акча чогултушкан эмес. Акча опузалагандар бул өздөрүн лидер деп жарыялаган белгисиз адамдардын тобу.

Митингден кийин базарларга рейд жүргүзүү күчөдү.

Бүгүн да кызматкерлер соодагерлердин столдорун машинеге жүктөп алып кетишти. Мөмө-жемиш саткан аялдар аларга каршылык көрсөтүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/642