Кантта 15 жашар окуучу кыз зордукталгандан кийин кан тамырын кескен
RU

Кантта 15 жашар окуучу кыз зордукталгандан кийин кан тамырын кескен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Кант шаарында 15 жаштагы окуучу кыз кан тамырларын кескени кабарланды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгы бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлайт.

Эске салсак, Ысык-Ата районунда өспүрүм кыз зордукталгандан кийин кан тамырын кескен. Зордуктоо фактысы боюнча окуучу кыздын апасы милицияга кайрылган.

Укук коргоо органы аларга 1983-жылы туулган К.Н. кайрылып, 2007-жылы туулган кызы менен ушул жылдын 24-февралында жыныстык катнашка барган бейтааныш жигитке карата чара көрүүнү суранган. Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 15 жаштагы кыз суракка алынган. Ал жогоруда аталган бала менен 2021-жылы октябрь айында Телеграм аркылуу таанышып, достошуп жүргөнүн билдирген. 24-февралда саат 13:00дө ал бала кезектеги жолугушуу үчүн кызды мейманканалардын бирине чакырган. Анда кыздын алкоголдук ичимдик ичкенинен пайдаланып, жыныстык катнашка барганы маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул ишке шектелип Кант шаарынын 16 жаштагы К.А. аттуу тургуну аныкталды. Ал сурак учурунда жыныстык катнашка кыздын макулдугу менен барганын түшүндүргөн.

Учурда окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Экспертизалар да дайындалды", - дешет маалымат кызматынан.

Башкармалыктан Ысык-Ата РИИБинин жетекчилиги бул фактыны изилдөөдө милиция тараптан басым болуп жатат деген маалыматты четке кагышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6430