Азыркы депутаттар айтышканда да кагазды окуп айтышабы? Видео
RU

Азыркы депутаттар айтышканда да кагазды окуп айтышабы? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасовду талкуулап жатышат. Ал Адахан Мадумаровго болгон нааразычылыгын кагазды окуп билдирген.

Белгилей кетсек, Мадумаров жана бир нече депутаттар кайым айтыша кетишкен. Себеп: Баткен облусун өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу АРИС агенттигине тапшырылган. Бул долбоорго Дүйнөлүк банк $50 миллион бөлүп берет. Анын $25 миллиону - грант, $25 миллион - 38 жылга кредитке берилип жатат.

Алгач, Мадумаров эмне үчүн мындай ишти мамлекеттик органдарга эмес АРИСке ишенип жатышат, деп нааразы болду. Андан кийин, мурда депутаттар АРИСке өткөрүп берүүгө каршы чыгышкан, эми кайра макул болуп жатышат деп ачууланды.

"Министрлер кабинетинин өкүлдөрү Баткенди сөз кылса эле колдой турганын билип алышты. Ар бир депутатка кирип чыгышты, менин кабинетиме да бир нече жолу келишкен. Азыр эми депутаттар бул долбоорду колдоп беришти. Эми билгениңерди кылып, шымыңарды чечип, башыңарга кийип алгыла", - деп Мадумаров айткан.

Анын айткандарына үч депутат жооп кайтарды. Алардын катарында Улан Бакасов дагы бар. Ал өзүнүн нааразычылыгын кагазды окуп билдирген.

"Адахан Кимсанбаевич, биз сизди жашыңызды карап сыйлап жатабыз. Биз тарапка көп сын-пикир айтып жатасыз. Ар бир маселеге оюбуз, пикирибиз бар, эч кимдин ээрчимеси эмеспиз. Өткөндө бул маселеге каршы болгонбуз, долбоорду колдогонбуз. Өзүңүз угуп жатасыз, "ARIS`тен" башка эч ким кыла албайт деген үчүн колдоп жатабыз. Андан тышкары менин кесиптешиме жообун аласың деп жатасыз. Эч кандай жооп албайт. Биздин айткан сөздөргө эч кандай комментарий бербейсиз, берсеңиз өзүңүзгө тиешелүү сөздөрдү угасыз. Мындан кийин акыл айтканды токтотуңуз", - деди ал.

Ал арада Адахан Мадумаров бир дагы депутаттын атын, фамилиясын атабаганын, Жогорку Кеңештин позициясын билдирип жатканын билдирди.

"Шымыңарды чечип, башыңарга кийип алгыла" дегенди өзүңөргө албагыла. Эгерде бул сөздү өзүңөргө алсаңар, анда ошолордун бир тууганы болушуңар мүмкүн. Өкмөткө айткан сөзгө тызылдап кетсеңер ордуңарды алмаштыргыла да трибунага чыккыла", - дейт Мадумаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6438