Жабырлануучу: Хирургдун шалакылыгынан апам каза болуп, таятам өз жанын кыйды
RU

Жабырлануучу: Хирургдун шалакылыгынан апам каза болуп, таятам өз жанын кыйды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарындагы хирургдун иш аракетине нааразы болгондор пресс-конференция берип, президент Садыр Жапаровго кайрыла турганын билдиришти. Апасын жоготкон Кристина Жилинанын айтымында, хирургдун билбестигинин айынан ал эң жакын адамдарын жоготту.

"Бул окуя болгон учурда мен болгону 14 жашта элем. Апамдын бөйрөк тарабы ооруп, доктурга көрүнгөн. Жанында 150 миң сом акчасы бар болчу. Ал доктурга көрүнүп, ушунча акча операцияга жетеби деп сураган. Хирург аны көрүп, өтүндө таш бар экен, аны тез арада алыш керек деп айтыпткан. Операцияны өзү эле жасай турганын, андан башка эч кимге кайрылбай эле коюш керектигин да билдириптир. Ал "колуман келет, бир эки күндө басып кетесиң" деп апамды ишендирген.

Таятамдын айтымында, хирург тез арада операция жасата калыш керектигин айтып апамды көндүргөн. "Ошол күнү апам телефон чалып, бүгүн операция болот деп айткан. Башкача айтканда, апам доктурга эртең менен барып көрүнсө, түштө операция жасалып бүткөн болот.

Эч кандай анализ тапшыруу, медициналык текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Апамдын кант диабети бар болчу. Хирург ал жөнүндө билбептир.

Операция бүткөндөн кийин эртеси апама келгем. Ал өзүн аябай жаман сезип, өңү купкуу болуп, сүйлөй албай калган. Ошол учурда хирург келип, апамдын ал-акыбалын сурап калды. Апам жарытаарлык жооп бере алган да жок. Бирок, доктур бир-эки күндө жакшы болуп калат, себеби операция ийгиликтүү өттү деп ишендирген. Тилекке каршы, эртеси апам реанимацияга түшүп калган", - деп Жилина айтып берди.

Ал белгилегендей, апасынын абалы өтө оор болчу. "Ички кан кетүү (кровоизлияние) болуптур. Мага медикаменттерди алып кел дешти. Апам үч-төрт күн реанимацияда жатты. Мен күндө 2-3 миң сомго медикамент ташып жаттым. Бирок анысы жардам берген деле жок окшойт. Дегеле, мен алып барган дарыларды апама берип жатыштыбы, билбейм. Төрт күндөн кийин апам каза болуп калды. Мага ал комада болчу, деп айтышты. Мен ал кезде болгону 14 жашта элем. Апамдын таятам экөөбүздөн башка жакын же колдоо көрсөтө турган кишиси деле жок эле.

Кантип ушундай болсун? 53 жаштагы апам өз буту менен Кара-Балтадагы эң кыйын хирургга кирип барып, төрт күндөн кийин анын өлүгүн чыгарышты. Эмнеге?", - дейт Кристина.

Хирургдун өзү менен жолукканында, баш-мээси шишип кеткен, ошондуктан өлүп калды, дептир.

"Бирок апам реанимацияда жатканда, анын оозу ацетон жыттанып жатты, кант диабети болгондо ошондой болот деп айтышкан. Хирург ал тууралуу билбептир. Ал кезде мен эч жерге кайрылган эмесмин, себеби жашым жете элек болчу. Мени эч ким укмак эмес. Азыр, элге кайрылып эскертүү бергим келет. Бул доктурга кайрылбагыла. Менин жалгыз эле таятам калган болчу. Ал апамды аябай жакшы көрчү, ошондуктан кызынын өлүмүн көтөрө алган жок. Күйүтүнө чыдабай өз жанын кыйган", - деп Кристина Жилина окуясы менен бөлүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6440