Никитенко Байсаловго: Соцсектордун көйгөйлөрү бары чечилип бүттүбү?
RU

Никитенко Байсаловго: Соцсектордун көйгөйлөрү бары чечилип бүттүбү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Наталья Никитенко министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун президенттин администрациясы үчүн жаңы имараттын курулушун колдогондугу боюнча пост жазды.

Анын айтымында, ал социалдык блокту жетектеген бир катар вице-премьерлер тааныш жеке тааныш болчу.

"Бул сектордо жумуш болуп көрбөгөндөй көп экени жакшы эсимде калган. Байсаловго чейин иштеп кеткендер социалдык тармакта отуруп алып айтышканды бери кой, түштө тамак ичип жетишчү эмес. Сизде социалдык сектордогу көйгөйлөрдүн бардыгы чечилген окшойт э? Балким, ошондон улам, Саламаттык министрлиги күндө шоу уюштуруп жатат? Балким, ошондон улам, Соцфонд эч ким менен жада калса, министрлер кабинетинин ичинде кеңешип-кептешпей эле пенсиялык реформаны жарыялады? Ал реформаны керек болсо Коргоо министрлиги да ачык сындады.

Пенсионерлердин, жетим балдардын, аз камсыздүү үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрү чечилдиби? Бардыгы жайындабы? Анда интернетти чукулап отуруп турса болот экен.

Прогрессивдүү реформаларды көрбөй, жарыяланганда дардаңдап жыргап кетпегенибиз боюнча айта турган болсок, мен фактынын жана аналитиканын тарапташымын.

Өсүп жаткан инфляцияга жыргашыбыз керекпи? Же Азык-түлүктүн кымбатташынабы? Же сомдун туруксуз болуп жатканынабы? Же индексацияланбаган жөлөк пул, пенсия же айлыктаргабы? Чек арада күн алыс ызы-чуу чыгып жаткангабы? Бул тизмени дагы бир топко чейин уланта берсе болот...

Ал эми аброй жөнүндө кеп кылсак, мен бүгүн спортчулар мелдешке барбай калганын окудум, анын себеби - акча жок. А хан сарайга бар? Биздин чемпиондор, ири мелдештерге барып, өлкөнүн желегин желбиретиш үчүн, дагы бир жолу биздин гимн аткарылыш үчүн өздөрүнө-өздөрү демөөрчү издөөгө аргасыз. Каяктагы аброй? Алгач приоритеттерди коюп алышыбыз керек!" - дейт депутат.

Улуу Петр жана анын балапандары менен салыштыруу кокого жетип кетти. Кызыгы, акыркы кезде монарх, хан, царь менен болгон салыштыруулар улам-улам келтириле баштады.

"Кыргызстандагы заманбап, конституциялык жактан бекитилген демократиялык жана укуктук режимдин эмне тиешеси бар буга? Бул Фрейд боюнча жаңылып калуу эмес да э? Баса, "Петр уясынын балапандары" Санкт-Петербург шаарынын курулушу учурундагы болуп көрбөгөндөй коррупциясы менен да атактуу. Анын катарында "оң колу", "биринчи вазири" делген князь Меньшиковдун карылыгы жакырчылыкта жана сүргүндө өткөн.

Астана жана андагы хан сарайларды айта турган болсок, казак эли жасалган иштерге болгон мамилесин ушул жылдын январь айында көрсөттү. Ошондуктан тарыхый аналогияларды келтиргенде бир аз этият болсоңуз, алар ар дайым эле бир беткей боло бербейт.

"Эскилиги жеткен раззаковдун-усубалиевдин имараттары" өлкөбүздүн эки уулу лидерлери И. Раззаков жана Т. Усубалиев тарабынан салынган. Азыркы бийлик ошол Лидерлер жасап кеткендердин жок дегенде жарымын ишке ашырат деп ишенгим келет. Белгилей кетчү жагдай, алар хан сарайларды салаардан мурун заводдорду, фабрикаларды, университеттерди, ооруканаларды жана мектептерди салышкан. Алардын тушунда курулган материалдык база азыркы күнгө чейин колдонулуп, аёоосуз талап-тонолуууда.

Акыркысы, мурунку кызматтар боюнча. Мен туулган күнүмдөн тартып эң жогорку жана эң сыйлуу кызматты алгам - бул Кыргыз Республикасынын жараны болуу урматы. Аны менен катар чындыкты жана жеке көз карашымды ачык айтуу укугуна ээ болгом. Калган посттор жана кызматтар ар дайым ушул негизги кызматымдын көлөкөсүндө болот. Кандай болбосун кырдаалда өзүң бойдон калуу, ыкташып жашап эмес, мен буга чейин жасап келгендей 4 президентке, 12 премьерге, жана көп сандаган вице-премьерлер менен министрлерге оюңду ачык айтуу артыкчылыгы ар дайым мени менен болот", деп Наталья Никитенко социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Андан тышкары, Никитенко анын WhatsApp, Facebook жана башка аккаунтарын бузуп кирүү аракеттери көрүлүп жатканын белгилеп, пост жазаары менен аракеттер көрүлө баштаган, деп маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6442