Казакстанда "гигант" наристе төрөлдү
RU

Казакстанда "гигант" наристе төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Тараз шаарында гигант наристе төрөлдү. Ымыркай кыздын салмагы 5 кг, бою 62 см.

Толгоосу тартып келген келин Жамбыл облусунун перинаталдык борборуна 19-апрелде, эртең мененки саат 09:45те келип түшкөн.

Дарыгерлер чукул консилиум уюштуруп, төрөтүү жолун тандашкан. Себеби баланын салмагы чоң жана ал башы менен эмес, жамбаш жагы менен жайгашкан болчу. Андан тышкары, апасында метаболикалык синдром бар экени аныкталган. Натыйжасында, кесердик кесүү аркылуу төрөтүү чечими кабыл алынды, - деп башкармалык билдирди.

Саат 10:46да салмагы туура 5 килограмм, бою 62 сантиметр болгон баатыр кыз жарык дүйнөго келген. Мындай наристе медицинада гигант деп аталат.

Маалымат үчүн

Жаңы төрөлгөн баланын орточо салмагы 3 200 граммдан 3 500 граммга чейин болот. Ал эми бою 43төн 54 сантиметрге чейин болсо, норма болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6443