Испанияда россиялык миллионердин жана үй бүлөсүнүн жансыз денелери табылды
RU

Испанияда россиялык миллионердин жана үй бүлөсүнүн жансыз денелери табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык миллионер Сергей Протосенянын анын жубайы жана кызынын өлүк денелери Испаниянын Льорет-де-Маре вилласынан табылды. Протосеня "Новатэк" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасынын мурунку орун басары болчу.

Ал үй-бүлөсү менен Францияда жашап, Пасха майрамына карата Испанияга барган. Полиция кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, Сергей алгач 53-жаштагы жубайын жана 18 жашар кызын уктап жатканда өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган. Окуя болгон жерде балта жана бычак табылган. Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Каргашалуу окуянын болушу россияга каршы кабыл алынган санкциялардан улам деген божомолдоолор дароо четке кагылды. Ашыкча маалымат билгендердин көзүн тазалап жатышат, деген версиялар айтылууда.

Мурдагы топ-менеджердин байлыгы 400 миллион еврого бааланган. "Новатек" - Орусиядагы эң ири көз карандысыз жаратылыш газын өндүрүүчү компания болуп саналат.

Мындан төрт күн мурун, Москвада "Газпромбанктын" вице-президенти Владислав Аваевдин өзү жана үй бүлөсүнүн сөөктөрү үйүнөн табылганы белгилүү болгон. Baza Telegram-каналынын маалыматы боюнча 51 жаштагы экс-банкир 47 жашар жубайын жана 13 жаштагы кызы Марияны тапанчадан атып, андан кийин өз жанын кыйган, деген бүтүмду полиция кызматкерлери чыгарышкан. Себеби, ок атуучу курал Аваевдин колунда болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6445